Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:15

Индия-Кытай чек арасында кагылышуу болгону кабарланды


Индия армиясынын колоннасы Сринагар-Лех авто магистралы менен баратат. Кашмирдин чыгыш тарабы, 15-июнь, 2020-жыл.
Индия армиясынын колоннасы Сринагар-Лех авто магистралы менен баратат. Кашмирдин чыгыш тарабы, 15-июнь, 2020-жыл.

Индиянын куралдуу күчтөрү үч жоокери, арасында жогорку офицер талаштуу Гималай чек арасында кытайлык аскерлер менен "бетме бет тирешүүдө" окко учканын билдирди.

Кытай өз кезегинде Индия аскерлери талаштуу чек ара зонасына кирип барышкан деп айыптады.

Соңку бир нече жылдан берки олуттуу окуя 15-июндун кечинде Галван өрөөнүндө болгон. Ал жерде акыркы бир нече жумадан бери кагылышуулар болуп келатканы кабарланган.

Индиянын армиясы жасаган билдирүүдө тараптардын аскер өкүлдөрү чыңалууну басаңдатуу үчүн жолугушуп жатканы айтылган.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы индиялык аскерлер дүйшөмбүдө “эки ирет чек ара сызыгынан өтүшкөнүн, чагымчылыкка барып, кытайлык жоокерлерге чабуул коюшканын, натыйжада ортодо кагылышуу болгонун” билдирди.

Дүйнөдөгү эң көп калктуу эки өзөктүк держава 1962-жылы согушуп, Индия жеңилип калган.

Дели Бээжинди 38 000 чарчы километр жерин басып алгандыгы үчүн айыптап келатат. Чек ара талашын жөнгө салуу үчүн 30 жылдан бери жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга элек.

XS
SM
MD
LG