Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-июль, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 22:07

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде Тажикстандын элчиси менен жолугушуу өттү


ТИМдин имараты.

16-июнда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде Тажикстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Назирмад Ализода менен жолугушуу болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

Коңшу мамлекеттин элчиси менен Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү жакынкы аралыкта эки мамлекеттин жогорку деңгээлдеги жолугушууларын уюштуруу боюнча пикир алмашты. Эки тарап макулдаша турган документтердин долбоорун сапаттуу даярдоо керектигин белгилешти.

Тараптар эки мамлекет чектешкен аймактарда жашаган жергиликтүүлөрдү араздашууга алып келген чагымчыл маалыматтарды таратууга жол берилбеши керек экенин белгилешти.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги чек арага байланыштуу так маалыматтарды берүүнүн маанисине токтолуп, чагымчыл видеоматериалдарды тараткандардын жоопкерчилигин кароо керек экенин билдирди.

Быйыл май айында кыргыз-тажик чек ара тилкесинде үч окуя катталды, бир нече адам жараат алды. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (2)

XS
SM
MD
LG