Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:20

Кыргызстандын тышкы карызын төлөөнү жылдырууга бир нече тарап макул болду (видео)


Кыргызстандын тышкы карызы чет элдик валюта менен төлөнөт. Сүрөттө АКШ доллары. Иллюстрация.
Кыргызстандын тышкы карызы чет элдик валюта менен төлөнөт. Сүрөттө АКШ доллары. Иллюстрация.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, өкмөт башчылыкка талапкер Кубатбек Боронов парламенттин 17-июндагы жыйынында тышкы карызды реструктуризациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн алгачкы жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.

Жаңы өкмөттүн программасы менен таанышуу учурунда ал карыздын мөөнөтүн жылдырып турууга бир нече тарап менен макул болгонун билдирди.

«Азыркы мезгилдеги экономикалык кырдаал тышкы карызды тейлөө маселелерин чечүү жолдорун табууга мажбурлап жатат. Президентибиз баш болуп, өкмөт, Тышкы иштер министрлиги, Финансы министрлиги чоң иштерди жасап жатат. Учурда карызды тейлөө мөөнөтүн жылдыруу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат. Анын натыйжасында үнөмдөлө турган, азыркыга белгилүү сумма 53,8 млн. доллар болуп жатат. Бул каражатты биз башка, артыкчылыктуу багыттарга жумшоого мүмкүнчүлүк алабыз. Мисалы, бүгүнкү күндө Сауд өнүктүрүү фонду менен Араб экономикалык өнүктүрүүнүн Кувейт фондунун алдындагы карызды убактылуу токтотуп туруу боюнча макулдашуу жетишилди. Кредиторлордун Париж клубунун мүчөлөрү - Франция, Германия, Дания, Корея, Жапония Кыргызстандын карызын убактылуу токтотуп туруу макулдугун берди. Кытай тарап менен карыздын айрым бөлүктөрү боюнча, президентибиз баш болуп, бардык деңгээлдеги сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул жерде дагы сүйлөшүүлөр бизге ылайыктуу жыйынтыктарды берет», - деди Кубатбек Боронов.

Кыргызстанда тышкы карыз боюнча маселе коронавирус пандемиясы башталгандан кийин эле козголгон. Апрелдин ортолорунда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Кытайдын лидери Си Цзинпиң менен телефондон сүйлөшүп, коңшу өлкөдөн карызды төлөөнүн мөөнөтүн узартууну суранган. 26-майда Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков кытайлык кызматташы Ван И менен телефон аркылуу сүйлөшкөн учурда да ушул маселени көтөргөн.

Жээнбеков аталган темага 28-майда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУнун) видеоконференциясында да кайрылган.

4,6 миллиард долларлык мамлекеттик карыздын 86% сырткы аласа болсо, анын жарымына жакыны Кытайга туура келет.

Жогорку Кеңеш бүгүн, 17-июнда парламенттеги көпчүлүк коалиция сунуштаган өкмөттүн жаңы курамын аныктоо жана анын программасын бекитүү маселесин карап жатат. Биринчи вице-премьер-министр, өкмөт башчылыкка сунушталган Кубатбек Боронов министрлер кабинетиндеги жаңы талапкерлер жана өкмөттүн программасы тууралуу баяндама жасады. (ErN)

XS
SM
MD
LG