Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:18

COVID-19: Каза болгон эки адамдын бири догдурга кеч кайрылган, экинчисинин өнөкөт илдети күчөп кеткен


Коронавирустун кесепетинен көз жумган адамдын сөөгүн чыгаруу учуру. Ооганстан. 7-июнь, 2020-жыл.
Иллюстрациялык сүрөт.
Коронавирустун кесепетинен көз жумган адамдын сөөгүн чыгаруу учуру. Ооганстан. 7-июнь, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин брифингде билдиргенине караганда, 17-июнга караган түнү Жалал-Абад облусунда дарыланып жаткан 36 жаштагы жигит коронавирус жугузуп алгандан кийин каза тапты. Ал Бишкекте иштеп жүрүп, 11-июнда Жалал-Абадга тажыяга катышуу үчүн барган:

“Ал жактан абалы начарлап, Жалал-Абад шаардык ооруканасына кайрылган. Ал жерде стационарда жаткан, жандандыруу бөлүмүндө да дарылоо аракеттери натыйжа бербей, үзүлүп кетти. Анын эки өпкөсү тең кагынып (пневмония) калганы рентгенден аныкталды”.

Үсөнбаевдин маалыматы боюнча маркум болуп кеткен жаран ооруну Бишкектен жугузуп, өз алдынча дарыланып жүрө берген.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, ушуну менен коронавирустун кесепетинен улам 40 жашка жетпей каза болгон экинчи адам катталды. Он күн мурда Ош шаарында 34 жаштагы келин коронавирус жуккандан кийин каза тапканы расмий кабарланган.

COVD-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб коронавирустун кесепетинен өлгөндөрдүн катарына онкология илдети бар 53 жаштагы эркекти да кошту. Ал вирус жуккандан кийин өнөкөт илдети күчөп кетип, 16-июнда Ош облустук биргелешкен ооруканада каза болгон.

Кыргызстанда 17-июнга карата коронавирус жуктуруп алгандан кийин каза болгондордун саны 30га жетти. Алардын эң жашы 30 жаштан, эң улуусу 80 жаштан ашкандар. (ZKo)

XS
SM
MD
LG