Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 21:21

Үсөнбаев: Вируска кайдыгер мамиле кылбайлы


Нурболот Үсөнбаев.

Коронавирус жуктургандардын 66сы оорулуу адамдар менен байланышта болгон. Чет жактан келген жети жарандан илдет аныкталган.

59 адам вирусту кайдан жуктуруп алганы белгисиз. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин 19-июнга карата берген маалыматы боюнча, акыркы суткада илдет Бишкек шаары менен Чүй облусунда көп катталды. Чүй облусундагы Сокулук районунда 23 адамдан вирус аныкталган.

Үсөнбаев жарандарды вируска кайдыгер мамиле кылбоого үндөдү. Коомдук автоунааларда, эл көп чогулуучу жайларда санитардык талаптарды бекем сактап, муктаждык болбосо үйдөн чыкпоого чакырды.

Кыргызстанда 19-июнга карата 132 адамдан коронавирус аныкталды. Бул пандемия башталгандан бери Кыргызстанда бир суткада вирус аныкталган эң жогорку көрсөткүч. Буга чейин вирус 16-июнда бир суткада 100 адамдан аныкталган. 17-июнда 90 адамдан, 18-июнда 95 адамдан табылган.

Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы үч киши 18-мартта аныкталган. Учурда жалпы ооруга чалдыккандардын саны 2789 адам. 1961 адам сакайып кетти. 32 адам оорудан көз жумду. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (2)

XS
SM
MD
LG