Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-июль, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:00

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал коопсуздук кеңешинде талкууланып жатат


Коопсуздук кеңешинин жыйыны. 19-июнь, 2020-жыл.

Коопсуздук кеңештин президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен өтүп жаткан жыйынында өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал талкууланууда. Жыйынга бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилери катышып жатат.

Президенттик аппараттын маалыматына караганда, мамлекет башчыга вице-премьер-министр Аида Исмаилова жана саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов коронавирус инфекциясынын жайылып кетүүсүнө жол бербөө максатында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.

Кыргызстанда 19-июнга карата 132 адамдан коронавирус аныкталды. Бул пандемия башталгандан бери Кыргызстанда бир суткада вирус аныкталган эң жогорку көрсөткүч. Буга чейин, 16-июнда вирус бир суткада 100 адамдан аныкталган. 17-июнда 90 адамдан, 18-июнда 95 адамдан оору табылган.

Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы үч киши 18-мартта белгилүү болгон. Учурда жалпы ооруга чалдыккандардын саны 2789 адам. 1961 киши сакайып кетти. 32 адам оорудан көз жумду. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (3)

XS
SM
MD
LG