Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:14

Маккензи: АКШ Ооганстандагы аскерлерин азайтты


АКШнын Борбордук командачылыгынын кол башчысы генерал Кеннет Маккензи.
АКШнын Борбордук командачылыгынын кол башчысы генерал Кеннет Маккензи.

АКШ Ооганстандагы аскерлерин февралда "Талибан" кыймылы менен жетишилген макулдашууда каралган санга чейин азайтты. Бул тууралуу 18-июнда АКШнын Борбордук командачылыгынын кол башчысы генерал Кеннет Маккензи Аспен изилдөө институту уюштурган иш-чарада билдирди. Генерал 135 күндүн ичинде аскерлердин санын 8,5 миңге чейин кыскартуу тууралуу макулдашуу болгонун, ал максат ишке ашканын айтты.

Сөз болгон келишимде талибдер менен Кабул өкмөтүнүн өз ара диалогуна жол ачуу үчүн Вашингтон аскерлерин чыгарып кетери каралган. Документте июлдун ортосуна дейре 12 миң жоокерден турган контингентти 8 мин 600гө кыскартуу белгиленген.

Бардыгы план боюнча жүрсө, анда америкалык аскерлер 2021-жылдын августуна чейин ооган жергесинен чыгып кетиши керек. Келишимге ылайык, "Талибан" кыймылы "Аль-Каида" террордук уюму менен бардык байланыштарын үзүп, зомбулукту токтотууга тийиш. Ошондой эле ооган өкмөтү менен талибдер туткундарды алмашып, 19 жылга аяк баскан согушту токтотуу үчүн өз ара кепке келиши кажет.

XS
SM
MD
LG