Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:54

Төкмө акын Ысак Барпиев 86 жашында дүйнө салды


Ысак Барпиев. Видеодон алынган скриншот.
Ысак Барпиев. Видеодон алынган скриншот.

Эмгек сиңирген артист, төкмө акын Ысак Барпиев 86 жашында көз жумду. Бул тууралуу маалыматты маданий ишмердин иниси, сүрөтчү Асан Турсункулов билдирди.

Анын белгилешинче, төкмө акын бир айдан бери көзү ооруп, ошо менен алышып жүргөн. Маркумдун сөөгү 20-июнь күнү өзү туулуп-өскөн айылында жерге берилет.

Төкмө акын Ысак Барпиев 1934-жылы Аксы районундагы Авлетим айылында төрөлгөн. Орто мектепти аяктаган соң, 1957-жылы Авлетим маданият үйүнүн башчысы болгон. 1958-жылы райондук Токтогул атындагы парктын директору, ошол эле жылы райондук маданият үйүнүн директору болуп иштеген.

1961-64-жылдары Токмок шаарындагы маданий агартуу техникумун, 1973-1978-жылдары Өзбек ССРнин Хамза Хакимзаде атындагы педагогикалык институтунун тарых факультетин бүтүргөн. 1978-жылга чейин райондук партиялык комитеттин чечими менен Тельман атындагы колхоздун жетекчисинин орун басары, жылкычылык боюнча ферма башчысы, колхоздун профсоюздук комитетинин башчысы болуп иштеген.

Ысак Барпиев Кыргыз ССР Жогорку Советинин президиумунун ардак грамотасы, СССР Жогорку Советинин президиумунун «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн» медалы менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын министрлер советинин ардак грамотасы менен сыйланып, 1996-жылы «Эмгек сиңирген артист» наамын алган.

Барпиев айтылуу төкмө акындар Токтосун Тыныбеков, Эстебес Турсуналиев, Тууганбай Абдиев, Ашыралы Айталиев менен айтышкан. 1995-жылы Таласта өткөн «Манас-1000» мааракесин жана Токтогул Сатылгановдун 125 жылдык мааракесин ачкан.

Ысак Барпиевдин “Айылдан тапкан ырларым” аттуу жыйнагы жарык көргөн. Китепте анын айтыштары, куттуктоолору, лирикалык жана арноо ырлары кирген. (MS\ErN)

XS
SM
MD
LG