Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:58

"Үмүт-2020": Парламент Матраимовдордун кланын расмий коргоого өттү


Айеркен Саймаитинин ишмердигин иликтеген депутаттык комиссиянын отуруму. 2-июнь, 2020.
Айеркен Саймаитинин ишмердигин иликтеген депутаттык комиссиянын отуруму. 2-июнь, 2020.

Кыргызстандагы «Үмүт-2020» кыймылы Стамбулда өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин ишмердигине байланыштуу депутаттык комиссиянын бүтүмүн кескин айыптап чыкты. Кыймыл "Жогорку Кеңеш Матраимовдордун кланын расмий коргоого өттү» деп сындап, тескерисинчке «кылмыштуу синдикатты ашкерелеп, элге көрсөткөн журналисттерди айыпташты» деп билдирди.

Ошондой эле иликтөөнүн баш каарманы экенине карабай кыргыз бажысынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун фамилиясын депутаттык комиссия бир ирет да атай албаганы белгиленет.

Ширин Айтматова түзгөн «Үмүт-2020» кыймылы ​«Райымбек Матраимовго берилген миллиондук пара тууралуу документтер жана банктык көчүрмөлөр менен бекемделген күбөлөрдүн көрсөтмөсүн депутаттар этибар алган жок. Райымбек Матраимовдун аялы Аманда (Уулкан) Тургуновага катталган Дубайдагы кыймылсыз мүлк депутаттарды кызыктырган жок» - деп билдирди.

Андан тышкары катардагы аткаминер Райымбек Матраимовдун аялы жана балдарынын "майкөл-сүткөл турмушу" тууралуу Factcheck.kg. порталынын иликтөөсүнө да маани берилбегенин эске салды.

Саймаити Кыргызстандан чыгарып кеткен кеминде 700 млн доллар, андагы уйгур ишкери Хабибула Абдукадырдын, бажынын мурдагы жетекчи орун басары Райымбек Матраимовдун ролу тууралуу «Азаттык», OCCRP жана “Клооп” медиа мекемелери биргелешип иликтөө жүргүзгөн. Анда көзү тирүүсүндө маалыматтарды ашкере кылган булак Айеркен Саймаити бажыдан өтүп жатканда жүк ташуучу компанияны калкалап турганы үчүн Райымбек Матраимовго миллиондоп пара беришкенин айтып берген. Анын бир бөлүгү “Ысмайыл Матраимов атындагы фондго которулганын айтып, банктык документтерин көрсөткөн. Матраимовдор айыптоолорду четке кагып, Саймаитиден болгону 200 миң доллар келгенин билдиришкен.

17-июндагы депутаттык комиссия Саймаити Кыргызстандан 700 млн доллар эмес 932 млн доллар чыгарып кеткенин тактады. Бул үчүн 6,5 млрд сом мамлекетке түшпөй калганы аныкталды. Ошол эле учурда комиссия журналисттик иликтөөнүн авторлорунун бир Али Токтакуновго укуктук баа берүүнү Башкы прокуратурага тапшырды. УКМК эки күбөнүн айтканына таянып, Али Токтакуновду "Саймаитиден акча алды" деп айыптап, бирок ага далил жок экенин билдирген. “Азаттык” радиосу жана Али Токтакунов аны "карандай каралоо" деп, четке кагышкан.

XS
SM
MD
LG