Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:58

Футбол: «Дордой» «Абдыш-Ата» командаларынын беттеши көрүүчүлөрсүз өтүүдө


«Дордой» футбол клубунун дарбазачысы Кутман Кадырбеков машыгуу учурунда. 15-июнь, 2020-жыл.
«Дордой» футбол клубунун дарбазачысы Кутман Кадырбеков машыгуу учурунда. 15-июнь, 2020-жыл.

Бишкектин «Дордой» футбол клубу Канттын «Абдыш-Ата» клубунун жолдоштук беттеши өтүп жатат. Оюн Кант шаарындагы стадиондордун биринде көрүүчүлөрсүз өтүп жатканын «Дордой» футбол клубунун маалымат катчысы Тенгелбес Мусаев «Азаттык» радиосуна билдирди. Бул Кыргызстанда карантин чаралары жумшартылгандан кийинки алгачкы футболдук беттеш.

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу киргизилген карантинден улам спорттук мелдештердин баары 21-марттан баштап токтотулган. Бул учур Кыргызстандын футбол боюнча жогорку лигасы (өлкө чемпионаты) саналган Кыргыз премьер-лигасынын 1-турунун оюндары жаңыдан гана башталган мезгилге туш келген. Дээрлик үч айга жакын убакыт тыныгуудан кийин гана футбол клубдары 8-июндан тартып окуу-машыгууга уруксат алышты.

Кыргызстандын футбол боюнча жогорку лигасы саналган Кыргыз премьер-лигасында тогуз клуб ойнойт. Алар: «Дордой», «Алга», «Алай», «Нефтчи», «Илбирс», «Лидер», «Каганат», «Кара-Балта» жана «Абдыш-Ата» клубдары. Чемпионаттын оюндары качан жанданары азырынча белгисиз.(GT)

XS
SM
MD
LG