Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-июль, 2020 жума, Бишкек убактысы 22:16

Ташкентте үйлөнүү тойдон кийин келинден жана коноктордон вирус аныкталды


Ташкент шаарынын Юнусабад районунун жашоочусу карантин чектөөлөрүнө карабай, эки уулун үйлөндүрүп, чоң той берген.

Төрт күнгө созулган тойдон кийин жаңы келген келиндердин бири жана коноктордун ичинен 12 киши коронавирус жуктуруп алды. Бейтаптар менен байланышта болгон жүздөгөн киши коронавируска тест тапшырып, үй карантинине алынды. Бул тууралуу Өзбекстан Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Бул факт боюнча эпидемиологиялык иликтөө уланууда.

Буга чейин Сурхандарыя облусунда өткөн үйлөнүү үлпөтүнөн кийин 250 киши карантинге алынганы кабарланган.

Өзбекстан коронавирустун жайылышына байланыштуу 8-майдан тартып аймактарды «кызыл, сары жана жашыл» зоналарга бөлгөн. Алардын ичинен «кызыл» - өтө кооптуу деп эсептелет. Той-аштарды «жашыл зонага» кирген аймактарда гана өткөрүүгө болот. Чакырылган коноктордун саны 30дан ашпоого тийиш.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG