Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-июль, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 23:29

Адилет Султаналиев өкмөт башчынын басма сөз катчысы кызматынан кетти


Адилет Султаналиев

Бул тууралуу Адилет Султаналиев 22-июнда "Твиттерге" жазды. Ал мындан ары мамлекеттик эмес уюмдардагы долбоорлордо иштей турганын "Азаттык" радиосуна билдирди.

Султаналиев 2018-жылдын июлунан бери мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин басма сөз катчысы болуп иштеди.

Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын 15-июнда берген. Аны радио жыштык боюнча иликтенип жаткан иштер аягына чыга электиги менен негиздеген. Президент Абылгазиевдин арызын жана өкмөттүн отставкасын 16-июнда кабыл алган.

Жаңы премьер-министрликке парламенттеги коалициялык көпчүлүк мурдагы биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновду сунуштаган. Парламенттин колдоосу жана президенттин жардыгына ылайык Кубатбек Боронов баштаган жаңы өкмөт ишке 17-июнда киришкен.(SE)

Пикирлерди көрүңүз (3)

XS
SM
MD
LG