Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:53

Жогорку Кеңештин эки депутатынан, аппараттын үч кызматкеринен коронавирус аныкталды


Жогорку Кеңештин жыйындар залы.
Жогорку Кеңештин жыйындар залы.

Жогорку Кеңештин эки депутатынан жана аппараттын үч кызматкеринен COVID-19 аныкталды. Алардын баары обочолонгонун парламенттин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу билдирип, айрым сайттар жазгандай "беш депутаттан коронавирус чыкты" деген маалыматты четке какты.

Этика жана коопсуздук чараларынан улам инфекция жуктурган депутаттардын жана аппарат кызматкерлеринин ысымдары ачык айтылбайт.

Басма сөз кызматынын жетекчисинин билдиргенине караганда вируска чалдыккан эки депутаттын биринен жаңы аныкталды. Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Бейшеналы Нурдиновго вирус жукканы кабарланган.

"Соңку кырдаал Жогорку Кеңештин ишине азырынча таасир бербейт. Ошону менен бирге Жогорку Кеңештин депутаттары жана аппарат кызматкерлери толук медициналык текшерүүдөн өтүп бүтө элек",- деди Нуракун уулу.

Ибраим Нуракун уулу өзү да коронавируска кабылып, учурда дарыланууда. Ал - Жогорку Кеңештин аппаратындагы коронавирус жуктурган үч кызматкердин бири.

Кыргызстанда коронавируска кабылгандар алгач 18-мартта аныкталган. Андан бери илдетти жуктуруп алгандардын саны 3356га жетип, 40 киши көз жумду, 2021и сакайды. (SE)

XS
SM
MD
LG