Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:55

ИИМ: бийликти күч менен басып алууга чакырган жарандар аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматы «WhatsApp» мессенжери жана башка социалдык тармактар аркылуу 1-июлда бийликти күч менен басып алуу үчүн Жогорку Кеңештин алдына митингге чыгууга чакырган тогуз мүнөттүк аудиону тараткан жаран табылганын билдирди. Ал Балыкчы шаарынын 39 жаштагы тургуну экени, учурда Чүй облусунда жашап жатканы белгилүү болгон.

Маалыматка караганда, фактыны ИИМдин Тергөө кызматы Жазык кодексинин 310-беренеси (“Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар”) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттады.

Ички иштер министрлиги өзүн “Чоң казат” деп атаган кыймылдын катышуучусу, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун учурда Москва шаарында жашап жаткан 32 жаштагы тургуну 17-июнда «WhatsApp» аркылуу “Ак үйдү депутаттар менен чогуу өрттөп салыш керек” деген аудиону таратууга шектелип жатканын билдирди.

Бул фактыны да ИИМдин Тергөө кызматы Жазык кодексинин 310-беренеси (“Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар”) менен бирдиктүү реестрге каттаган.

Учурда эки факт сотко чейинки өндүрүшкө алынып, тиешелүү соттук-лингвистикалык экспертизалар дайындалганы, аталган жарандарды кармоо иштери жүрүп жатканы кабарланды.

"Чоң казат” кыймылынын лидерлери "Фейсбук" аркылуу кечкисин түз эфирде кайрылуу жасап, "Чоң казаттын" атынан чакырык жасагандарды чагым деп аташты. Кыймылдын башында Максат Мамырканов, Сыймык Жапыкеев, Жаркынбек Касымбеков сыяктуу активисттер турат. (TSh)

XS
SM
MD
LG