Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:45

Кремль: Орусиянын кошуналарына эч кандай аймактык дооматы жок


Дмитрий Песков, Москва 14-апрель 2020-жыл
Дмитрий Песков, Москва 14-апрель 2020-жыл

Кремль мурдагы советтик жумурияттарга аймактык дооматы бар экенин четке кагууда. 22-июнда президент Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков «Орусиянын кошуналарга эч кандай аймактык дооматы жок" деп билдирди. Анын алдыңкы күнү Путин "Россия-1", каналындагы интервьюда Советтер Союзу түзүлгөндө бир топ жумурияттар «Орусиянын далай жерин алышканын», СССР ыдыраганда ошол «белектерди ала кетишкенин» айткан. Президент кайсы жумурият, кайсы жерди кеп кылганын тактаган жок. СССР түзүлгөндө андан чыгуу укугу жазылганын, бирок процедурасы иштелип чыкпаганын кошумчалады.

Интервьюда Путин Крымдын 2014-жылы Орусияга кошулуусу "жарым аралдын калкынын демократиялык тандоосу болгонун" дагы бир жолу кайталады.

Украинанын курамындагы Крымды басып алуу жана кошуна өлкөнүн чыгышындагы орусиячыл жикчилдерди колдоо мурдагы советтик жумурияттардын бир топ камтамасын жараткан.

XS
SM
MD
LG