Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:10

Акыйкатчынын бөлүм башчыларынын биринен коронавирус аныкталды


Мекеменин басма сөз кызматы бейтап обочолонгонун, аппараттын жумушу уланып жатканын билдирди. Гигиеналык жана коопсуздук чаралары көрүлгөн. Айрым кызматкерлер аралыктан иштеп атышат.

"Кыргыз Респубикасынын омбудсмени жөнүндө" мыйзамга ылайык, Акыйкатчы инстутуту өзгөчө абал же аскердик абал жарыяланган учурда деле ишти токтотпойт.

Омбудсменге арыз-муң менен кайрылчу кишилер 115 ыкчам номуруна байланышса болот.

Кыргызстанда өпкөнү сезгенткен жаңы вируска кабылгандар алгач 18-мартта аныкталган. 22-июнда илдетти жуктуруп алгандардын саны 3356га жетти. Бул ооруга кабылгандан соң 40 киши көз жумду, 2021и сакайды.

XS
SM
MD
LG