Кытайдагы күрүч майрамына байланыштуу кыргыз-кытай чек арасындагы "Эркечтам автожол" өткөрүү пункту 25-28-июнь күндөрү убактылуу жабылат. 29-июндан баштап автокаттамдар улантылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.
Кытай тараптын демилгеси менен улуттук майрамдарга байланыштуу кыргыз-кытай чек ара бекеттери маал-маалы менен кыска мөөнөткө убактылуу жабылып турат.
Быйыл Кыргыз өкмөтү Ухань шаарында күчөгөн коронавирус илдетине байланыштуу 23-январдан тарта кыргыз-кытай чек арасындагы "Эркечтам автожол" өткөрүү пунктун убактылуу жаап, 15-апрелде кайра ачкып Кытайдан жүк ташууга гана уруксат берген.