Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 23:27

Алты ай ичинде 35 киши сууга чөгүп каза болду  


Түшүндүрүү иши жүргүзүлүп жаткан учур. Сүрөт Баткен ОИИБине таандык.

Өкмөттө вице-премьер-министр Акрам Мадумаровдун катышуусунда ар кандай көлмө, суу жана дарыялардагы коопсуздукту сактоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Жыйында жай мезгилинде ачык көлмөлөрдө эс алгандардын саны өскөнү, алардын көпчүлүгүндө коопсуздук эрежелери сакталбай, кароосуз калгандар бар экени айтылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча ушул жылдын алты айында көлмөлөрдө ар кандай себептерден 35 адам чөгүп кеткен.

Вице-премьер-министри Акрам Мадумаров Ысык-Көл облусундагы жайкы туристтик сезондо эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоо керек экенин айтты.

“Айрым жерлерде сууга түшүүгө тыюу салынары тууралуу эскертүү тактайчалар менен чектелбеши керек. Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан бардык санаторийлердин жана пансионаттардын штатында куткаруучулар болушу абзел. Айрыкча сезон учурунда куткаруучулардын санын көбөйтүү зарыл”, - деди Мадумаров.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 2020-жылы туристтик сезонго куткаруучуларды даярдоо курсунан 61 адам өткөн. 2019-жылы өлкөдө 148 адам сууга чөгүп кеткен (107си жайкы сезондо), алардын 25и 12 жашка чыга электер болчу. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG