Тегеран полициясы "Инстаграм" аркылуу жаңы төрөлгөн ымыркайды сатууга аракеттенген 3 киши кармалганын билдирди. Шаар полиция бөлүмүнүн башчысы Хосейн Рахиминин айтымында, 23-июнда 20 күндүк жана эки айлык ымыркайларды алып жүргөн 3 киши кармалган. Алар бөбөктөрдү кедей бүлөлөрдөн “бир аз акчага” сатып алышканын айтып беришкен.
Полиция балдар мамлекеттик социалдык мекемеге өткөрүлгөнүн, ата-энелери аныкталганын маалымдады.
Рахими акыркы күндөрдө Интернет аркылуу балдар менен соода кылгандарды жоопко тартуу чакырыктары катардагы жарандар тарабынан көбөйгөнүн кошумчалады.
Мындан мурун тартип коргоочу органдар Горган чөлкөмүндө ымыркайларды саткан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалганын билдиришкен. Төрт аял жана бир эркек колунда жок аялдардын төрөтканадагы чыгымдарын көтөрүп, жаңы төрөлгөн чүрпөлөрүн алып турушкан.