Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-июль, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 16:22

Жанарбек Акаев: Рыскелди Момбековду каралоо аракети жүрүп жатат


Жанарбек Акаевү

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев өзүнүн кесиптеши Рыскелди Момбеков Таласта кабылган окуя боюнча коомчулукка кайрылды. Ал бардык саясий күчтөргө да кайрылып, Таласта депутат Момбековго чагым уюштурулуп, окуя жергиликтүү мамлекеттик телеканалдан көрсөтүлгөнүн "жаман өнөкөт" деп атады.

“Таласта Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековго атайын даярдалган кишилердин чыр салганы, аны ошол эле күнү жергиликтүү мамлекеттик телеканалдардан жамандатканы өтө кейиштүү көрүнүш жана жаман өнөкөт. Бүгүн Момбековго, эртең башка оппозиция өкүлдөрүнө мындан да жаман чагым болушу мүмкүн. Саясий күрөштө мындай жол менен күрөшүү жигитчиликке жатпайт”, - деди Акаев.

Депутат Акаев чагымды кимдер жасаганын жана кайсы мамлекеттик телеканал экенин ачык айткан жок. Рыскелди Момбековдун Таластагы эл менен жолугушуусунда белгисиз бир киши депутатты жаман сөздөр менен тилдеп жатканы тартылган видео Интернетте тарап, кызуу талкууга жем таштаган.

5-июнда Кыргызстанда «Жаңы дем» деген ураан алдында жаңы саясий альянс түзүлгөн. Биригүү тууралуу меморандумга «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, «Ак Шумкар» партиясынын төрагасы Темир Сариев, Кыргыз либерал-демократтар партиясынын (КЛДП) теңтөрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев, парламенттин дагы бир депутаты Рыскелди Момбеков, ишкер Тилек Токтогазиев жана «Жашыл күчтөр коалициясы» деп аталган уюмдун атынан саясат таануучу Азамат Темиркул кол койгон.

Аталган бирикме быйыл күзүндө өтчү парламенттик шайлоого «Ата Мекен» партиясынын туусу алдында барарын билдирген. Андан кийин «Ата Мекен» партиясы бийликке оппозиция экенин жарыялаган. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (22)

XS
SM
MD
LG