Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-июль, 2020 жума, Бишкек убактысы 21:26

Лукашенконун атаандашынын арызы канааттандырылган жок


Викто Бабарико. Минск, 11-июнь, 2020-жыл

Минсктин райондук соту президенттикке талапкер Виктор Бабариконун кармалышына каршы арызды канааттандырган жок.

Адвокаттары бул чечимди шаардык сотто талашканы жатышат. Алардын айтымында, эң башынан эле Бабариконун өзүн коргоо укугу бузулган. Ошондо ага юристтерди кое бербей коюшкан. Бир нече күндөн бери эпидемиологиялык абалга шылтап, адвокаттарына атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына барууга уруксат берилбей келатат.

Бабарико президент Александр Лукашенконун 9-августтагы шайлоодо негизги атаандашы катары каралып келген. 18-июнда мурдагы банкирди анын демилге тобун жетектеген баласы менен кошо кармашкан. Аларга Бабарико 20 жыл башкарган “Белгазпромбанктын» ишинин алкагында иш козголгон.

Бийлик банк кызматкерлерин "салык төлөөдөн качкан, акча кымырган, пара алган, чет өлкөгө ири суммадагы каражат которгон" деп айыптоодо. Бабарико ошол мыйзамга каршы аракеттерди жетектеген деп күнөөлөнүп жатат. Экс-банкир муну саясий кысым деп баалады.

Беларус оппозициясы алтынчы жолу президенттикке ат салышып жаткан Лукашенко шайлоо алдында саясий атаандаштарын куугунтуктоого киришкенин айтууда.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG