Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:42

Түркмөнстанда президенттин отставкасын талап кылган акция башталды


Түркмөнстандын Ашхабад баштаган бир катар шаарларында президент Гурбангулы Бердымухамедовдун сүрөтү түшүрүлгөн, "Жогол нары!" ("Güm bol!") жана "Ууру" ("Ogry") деп жазылган баракчалар таркап жатат.

Бул акциянын уюштуруучуларынын катын Turkmen.news. маалымат агенттиги жарыялады. Анда өлкө ичиндеги көптөгөн жарандар сыртта жүргөн мекендештеринин президенттин кызматтан кетишин талап кылган акциялары тууралуу билери, алар мындай маалыматтарды бири-бири менен бөлүшүп жатканы, өлкөдө азыркы абал баарынын жанына батканы айтылат. Активисттер тобокелчиликке барып жатканын түшүнөрүн, эгер билинип калышса катуу жазага кабыларын белгилешкен. Бирок мындан ары жөн карап турууга мүмкүн болбой калганын жазышкан.

Буга чейин айрым чет өлкөлөрдө жашаган түркмөнстандыктар түркмөн бийлигин, президент Гурбангулы Бердымухамедовду айыптап нааразылык акцияларын өткөрүшкөн.

Борбор Азиядагы эң жабык мамлекетте кийинки жылдары азык-түлүк тартыш болуп, эл эптеп жан багып келет.

Түркмөн бийлиги өлкөсүндө коронавирус бар экенин ушул күнгө чейин ырастай элек. Бирок бийлик оорунун жайылышына каршы катуу чара көрүп жатат. Бул өлкөдө оорунун жайылып-жайылбаганы тууралуу анык маалымат алуу мүмкүн эмес. Буга чейин бийликтин көрсөтмөсү менен «коронавирус» деген сөздү колдонууга, жазууга, айтууга тымызын тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG