Борбордук шайлоо комиссиясы Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб мүчөлөрү менен бирге өткөрүлгөн отурумда пандемиянын убагында шайлоону уюштурууга байланышкан көп маселелер аныкталбаган бойдон калды. Бул тууралуу “Азаттыкка” БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова маалымдады. Анын айтуусунда, эми шайлоо мөөнөтүн президент аныктайт.
“Шайлоо мөөнөтүнө гана эмес, шайлоону коопсуз өткөрүүгө байланыштуу көп суроолор ачык калды. Ыкчам штабдын өкүлдөрү президент шайлоонун мөөнөтүн аныктагандан кийин гана аны коопсуз өткөрүү алгоритми түзүлөрүн айтышты. А шайлоого чейинки үгүт иштери, жалпы өнөктүктүн коопсуздугун, шайлоочулардын, аймактык, участкалык шайлоо комиссия мүчөлөрүнүн коопсуздугу кантип камсыздалат, мына ушунун баары азырынча жоопсуз калды”, -деди Атыр Абдрахматова.
Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу БШКнын отурумдарын соцтармактар аркылуу түз алып көрсөтүү жөнүндө Атыр Абдрахматованын сунушун Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова “каражат жок” деген жүйө менен четке какты.
Бүгүн, 26-июнда Борбордук шайлоо комиссиясы Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын жетекчилери менен парламенттик жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо мөөнөтүн аныктоо маселесин талкуулаган. Өкмөт анда шайлоону коопсуз өткөрүү жана анын мөөнөтү боюнча БШКга сунуш берген эмес.
Коронавирус пандемиясынан улам 12-апрелге белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтпөй калган. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтүшү керек.
Шайлоо кодексине ылайык, шайлоо өтөрүнө 100 күн калганга чейин БШК добуш берүүнүн мөөнөтүн тактабаса, аны президент аныктайт. (ZKo)