Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:39

COVID-19: АКШда оору жуккан учур дагы эң жогорку чекке жетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кошмо Штаттарда 25-июнда бир күндө COVID-19га чалдыккандардын эң жогорку саны катталды. Илдеттердин алдын-алуу жана көзөмөлдөө борборунун маалыматына ылайык, шаршембиден шейшембиге чейин АКШда коронавирус жугузуп алгандардын саны дагы 37 миңге көбөйдү.

АКШда COVID-19ду жугузуп алгандардын саны 2,5 миллион адамга чукулдап калды.

Ооругандардын саны көбөйгөндөн улам Техастын губернатору карантиндик чектөөлөрдү алууну токтотууга аргасыз болду.

Штатта ошондой эле дээрлик эки жумадан бери ооруканаларга жаткырылгандардын саны өсүүдө. 40 миллион калкы бар Калифорниянын губернатору Гэвин Ньюсом бюджет тартыштыгына байланыштуу чукул кырдаал жарыялады.

Акыркы жумаларда өлкөнүн батыш жана түштүк бөлүктөрү инфекциянын очогуна айланды. Буга чейин эпидемиянын чордону болуп келген Нью-Йоркто өлгөндөрдүн саны азайды.

Дүйнө жүзүндө коронавирус 10 миллионго жакын кишиге жугуп, 480 миңден көп бейтап жан берди.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Европадагы кырдаал толугу менен жакшырды деп айтууга эрте экенин эскертти.

XS
SM
MD
LG