Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:24

Шаардык сот Кимсановду абакта кармоо тууралуу чечимди күчүндө калтырды


Эмилбек Кимсанов (Сүрөт анын социалдык түйүндөгү баракчасынан алынды).
Эмилбек Кимсанов (Сүрөт анын социалдык түйүндөгү баракчасынан алынды).

Бишкек шаардык сотунда бүгүн 26-июнда Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсановдун бөгөт чарасы боюнча өтүнүч каралды. Кимсановдун жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева билдиргендей, сотко аны абакта кармоо мыйзамсыз экени тууралуу өтүнүч келтирилген. Натыйжада шаардык сот райондук соттун токтомун күчүндө калтырды.

Буга чейин адвокат Биринчи май райондук соту Кимсановдун бөгөт чарасын 16-августка чейин узартып, аны борбор калаадагы №1 тергөө абагынан Төмөнкү Нооруз айылындагы №50 тергөө абагына которуу тууралуу чечим кабыл алганын билдирген.

Кимсанов башка бажы кызматкери Автандил Конгантиевдин токмоктоо тууралуу арызынын негизинде быйыл февралда Орусиядан кармалып келген.

Жубайы Мария Заворотняя күйөөсү 10-апрелде сабалганын билдирип, Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов аны кылмыштуу ишке түрткөнүн айткан видеосун Интернетке жарыялаган.

Райымбек Матраимов өзүнө карата дооматка комментарий бере элек. Агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов муну «ойдон чыгарылган фантазия» деп баалаган.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) «Эмилбек Кимсанов камакта сабалды» деген дооматты четке каккан.

Кимсанов быйыл 22-фервалда Санкт-Петербург шаарында кармалган. Бишкекке жеткирилгенден кийин сот аны адегенде үй камагына чыгарып, 31-мартта тергөө абагына камаган. (RK)

XS
SM
MD
LG