Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:41

Асылбаева: Менин атымдан Дастан Бекешевдин дарегине жазылган жорум – фейк


Гүлшат Асылбаева парламентте.
Гүлшат Асылбаева парламентте.

Жогорку Кеңештин депутаты, “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоорунун автору Гүлшат Асылбаева расмий билдирүү таратты. Ал “Твиттерде” өзүнүн атынан кесиптеши, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевге карата эч кандай комментарий жазбаганын билдирген. Жогорку Кеңеш Асылбаеванын атынан тараткан расмий билдирүүдө:

“Мен бул маселе боюнча Дастан Далабаевич менен сүйлөштүм, ал мен мындайга бара албасымды жакшы билет. Менин “Твиттерде” да, “Инстаграмда” да аккаунтум жок. Ошондуктан ал жакта менин атымдан аккаунт ачып алып, Бекешевдин дарегине жазган адам уялышы керек”, деп жазылган.

Гүлшат Асылбаева ошол эле учурда каалаган адам ар кимдин атынан аккаунт ачып алып, каалаганын жазуу менен башкаларга көйгөй жаратуусу ыктымалдыгын белгилеген.

Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова жазган “Маалыматты манипуляциялоо тууралуу” мыйзам долбоору сөз эркиндигине каршы келет деген жүйө менен коомчулуктун сын-пикирине кабылган. Мыйзам долбооруна депутат Дастан Бекешев да катуу каршы турган.

Жарандык коом, эл аралык жана медиа уюмдардын каршылыгына карабай, аталган мыйзам долбоору 26-июнда үчүнчү окуудан кабыл алынган.

Авторлор өздөрү мыйзам жеке адамдын намысын, абийирин Интернеттеги ушак, жалаалардан коргоого өбөлгө болот деп бекемдөөдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG