Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:17

Алайга жана Чоң-Алайга кар жаады


Сары-Таш айылына жааган кар. Алай району. 28-июнь, 2020-жыл. (Сүрөт соцтармактан алынды).
Сары-Таш айылына жааган кар. Алай району. 28-июнь, 2020-жыл. (Сүрөт соцтармактан алынды).

Алай районундагы Сары-Таш айыл аймагында жайгашкан жайлоолорго 28-июнга караган түнү кар жаады. Бул тууралуу райондун акими Замир Молдокулов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, учурда тиешелүү адистерден түзүлгөн топ жайлоодогу чабандардын жана мал-жандын абалын билүү үчүн жөнөп кетишти.

28-июнга караган түнү кар Чоң-Алай районуна да жааган. Райондун акими Жумадилла Жапаровдун “Азаттыкка” кабарлагандай, кар Кашка-Суу айыл аймагындагы жайлоолорго, Ленин чокусунун алдындагы альплагерь жайгашкан тарапка жааган. Бул жакта да адистер жайлоодогу абалды билүү үчүн жөнөп кетишкен.

Азырынча өлкөнүн башка аймактарындагы абал тууралуу так маалымат жок.

Синоптиктер 27-28-июнда өлкө аймагында аба ырайы туруксуз болорун, тоолордо кар жаай турганын алдын ала маалымдашкан.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы дээрлик он градуска төмөндөйт. Мындай аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаанын, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайытта мал кармоону кыйындатат.

Нөшөр жаанга байланыштуу тоолуу аймактарда жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG