Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-ноябрь, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:41

Казакстанда коронавируска чалдыккандар 38 миңге чукулдады


Алматы шаарындагы текшерүү пункту. 19-март, 2020-жыл.

Казакстанда соңку бир сутка ичинде 1613 адамдан коронавирус табылды. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, алардын 547синде COVID-19дун симптомдору байкалса, миңден ашуунунда белгилер катталган эмес.

Натыйжада, Казакстанда симптомдору жок адамдарды кошкондо өпкөнү сезгенткен вирусту жугузуп алгандардын жалпы саны 37 966га жетти. “Азаттыктын” казак кызматы кабарлагандай, Казакстан COVID-19дун жайылышы боюнча дүйнө өлкөлөрүнүн тизмесинде 38-орунга чыкты.

Акыркы бир суткада Казакстанда кеминде жети адам бул илдеттен кайтыш болду. Расмий статистикага ылайык, коңшу өлкөдө эпидемия башталгандан бери 178 бейтап коронавирустан каза тапты. Бирок казак бийлиги анализинен коронавирус табылса да, башка өнөкөт оорулардан көз жумган бейтаптар бул тизмеге кошулбаганын билдирип келет.

XS
SM
MD
LG