Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:53

Иранда АКШ президентин камакка алуу буйругу чыкты


Ирандын бийлиги генерал Касем Сулейманинин өлүмүнө байланыштуу АКШ президенти Дональд Трампты жана дагы 35 адамды камакка алуу тууралуу буйрук чыгарды. Бул тууралуу Тегерандын прокурору Али Алкасимехр 29-июнда билдирди.

Анын айтымында, Иранда америкалык саясатчыларга жана аскердик жетекчилерге "Киши өлтүрүү" жана "Террордук аракет" беренелери боюнча сыртынан айыптар тагылды. Прокурор Алкасимехр Ирандын бийлиги "Интерпол" уюмуна тизмедеги адамдарды камакка алуу өтүнүчүн жөнөткөнүн да кошумчалады.

Бирок АКШнын Иран боюнча чабарманы Брайан Хук Тегеран "үгүт" менен алек болуп жатканын, анын билдирүүсүн эч ким олуттуу кабыл албаганын айтты.

"Биздин баамыбызда "Интерпол" саясий себептердин негизинде кызыл эскертүү бербейт жана аралашпайт", - деди Брайан Хук 29-июнда Эр-Рияддагы маалымат жыйынында.

"Интерпол" уюму да билдирүү таратып, "саясий, аскердик, диний жана расалык мүнөздөгү иш-аракеттерге" барбай турганын белгиледи. Ошондой эле мындай өтүнүч жөнөтүлсө да, "Интерпол" аны караштырбай турганын билдирди.

Ирандын жогорку даражалуу генералы Касем Сулеймани жыл башында Багдаддын жанындагы аба майданында америкалык дрондун соккусунан каза тапкан. Тегеран ага жооп катары АКШнын Ирактагы күчтөрү жайгашкан базага сокку урган.

XS
SM
MD
LG