Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-июль, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 16:07

Гильменддеги чабуулдан 23 адамдын өмүрү кыйылды


Гильменддеги чабуулда жараат алгандар, 29-июнь, 2020-жыл.

Ооганстандын түштүгүндөгү Гильменд провинциясында мал базарды бутага алган чабуулдан кеминде 23 кишинин өмүрү кыйылып, ондогон адамдар жараат алды. 29-июнда урулган артиллериялык соккудан мерт болгондордун арасында өспүрүмдөр да бар экенин провинциянын басма сөз кызматы билдирди. Жергиликтүү бийлик бул чабуул үчүн "Талибан" кыймылын күнөөлөсө, талибдер өкмөттү айыптады.

Ооганстандын расмий өкүлдөрү "Талибандын" өткөн айда Орозого карата убактылуу токтогон чабуулдары соңку апталарда кайра күчөгөнүн айтып жатышат. 28-июнда да Гильмендде жолго катылган бомба жарылып, андан алты жайкын тургун мерт болгон.

Дүйшөмбү күнү ооган президент Ашраф Гани талибдерди чабуулдарды токтотууга чакырып, ооган эли "өкмөт менен жоочулар тобунун ортосундагы кечеңдеген сүйлөшүүлөрдүн башталышын" каалай турганын айтты.

АКШ менен "Талибандын" өкүлдөрү февраль айынын соңунда кол койгон тынчтык келишимине ылайык, ооган өкмөтү менен талибдер туткундарын алмашып, андан соң өлкөдөгү 18 жылдан ашкан согушту токтотуу үчүн оогандардын ички диалогун башташы керек эле. Ал үчүн талибдер зомбулукту токтотууга милдеттендирилген.

АКШ келишимдин шарттары аткарылса, Ооганстандагы аскерлерин чыгарып кетмей болгон. Бирок расмий Кабул менен "Талибан" кыймылынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдөн азырынча олуттуу жыйынтык чыга элек.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG