Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-июль, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 09:04

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин үч кызматкери каза болду


ӨКМдин кызматкери Анварбек Иманбаев 30-июнда каза болду. Сүрөт ӨКМге таандык.

44 жаштагы Нурлан Токсунбаев Бишкек шаардык өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгынын Свердлов райондук бөлүмүнүнүн жетекчиси болуп иштеп жаткан. Ал 28-июнда дүйнөдөн мезгилсиз кайткан.

Экинчиси – ӨКМдин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун Ыкчам чара көрүү башкармалыгынын кызматкери, 43 жаштагы Мухаметалы Жантаев 29-июнь күнү мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Ошондой эле ӨКМге караштуу Гидрометеорология агенттигинин Нарындагы борборунун башчысы Анварбек Иманбаев 60 жаш курагында дүйнөдөн мезгилсиз кайтты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова азырынча кызматкерлердин өлүмүнүн так себеби аныктала элек экенин «Азаттыкка» билдирди.

Айрым маалымат каражаттары маркумдардын жакындарына шилтеме кылып, алар коронавирус жугузуп алып каза тапканын жазышты.

Кыргызстанда 1-июлга карата 439 адамдан коронавирус аныкталды. Бул пандемия башталгандан берки убактагы эң жогорку көрсөткүч.

Акыркы суткада коронавируска чалдыккан беш киши каза болду.

Жалпысынан 18-марттан 1-июлга чейин өлкөдө коронавирус 5735 адамдан табылды, алардын ичинен 62 бейтап кайтыш болду, 2447 бейтап айыгып кетти. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG