Швециянын эки жараны баңгизат ташуу үчүн шектүү катары Иранда кармалганы кабарланууда.
«Эл аралык баңгизат ташуу түйүнүнүн мүчөлөрү кармалган. Арасында эки швециялык бар», деп өлкөнүн Ислам революциясынын сакчылар корпусунуна байланышы бар «Тасним» агенттиги 1-июлда маалымдады.
Жаңылыкта бийлик «эбегейсиз» өлчөмдө баңгизатты, анын ичинде «коркунучтуу синтетикалык баңгизатты» колго түшүргөнү кошумчаланат. Бирок алар качан кармалганы айтылбайт.
Ооганстандан Европага мыйзамсыз ташылган баңгизат жолдорунун бири Иран аркылуу өтөт.
Ошол эле учурда Тегеран эл аралык сүйлөшүүлөрдө басым көрсөтүш үчүн Батыш өлкөлөрүнүн жарандарын ойдон чыгарылган дооматтар менен кармайт деген сынга алынып келет.