Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылгандардын жалпы саны 125 кишини түздү. Алар:
Бишкек шаарында – 44,
Ош шаарында – 42,
Ош облусунда – 15,
Чүй облусунда – 7,
Жалал-Абад облусунда – 7,
Нарын облусунда – 6,
Баткен облусунда – 3,
Талас облусунда – 1.
COVID-19 илдетине каршы республикалык штабдын 3-июлдагы маалыматына караганда, өлкө боюнча жалпысынан 2655 бейтап айыкты.
Алгач Кытайдыy Ухань шаарынан чыгып, дүйнөгө жайылган коронавирус Кыргызстанда алгач 18-мартта үч кишиден аныкталган. Андан бери көбөйүп отуруп, 3-июлда 6767 адамга жетти. Алардын ичинен 76 бейтап кайтыш болду. (SE)