Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-август, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:23

4-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Кыргызстан.

4-июлда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолордо кар жаашы ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Баткен, Чүй облустарынын тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 24…29;

Талас жергесинде түнкүсүн 9...14, күндүз 23…28;

Баткен облусунда ​түнкүсүн 14…19, күндүз 30…35;

Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -4…+1, күндүз 8…13 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 27…29 градус болот.

XS
SM
MD
LG