Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:00

Түркияда төрт укук коргоочу террорчулук боюнча соттолду


Танер Кылыч «Amnesty International» эл аралык уюмунун Түркиядагы бөлүмүн негиздеген.
Танер Кылыч «Amnesty International» эл аралык уюмунун Түркиядагы бөлүмүн негиздеген.

Стамбул шаардык соту төрт укук коргоочуну, алардын ичинде «Amnesty International» эл аралык уюмунун Түркиядагы мурдагы эки өкүлүн түрмөгө камоо тууралуу өкүм чыгарды. Ага ылайык, аталган уюмдун Түркиядагы бөлүмүн негиздеген Танер Кылычка «террорчул уюмдун мүчөсү» деген айып коюлуп, 6,3 жылга эркинен ажыратылды. «Amnesty Turkey» уюмунун мурдагы башчысы Идил Эсер баштаган дагы үч адам эки жылдан ашык убакыт түрмөгө кесилди.

Дагы жети адамды сот актады, алардын арасында Германиянын жараны Петер Стюдтнер менен Швециянын жараны Али Гарави да бар.

«Amnesty International» уюмунун өкүлү Эндрю Гарднер «Твиттердеги» баракчасына Кылычка байланыштуу сот өкүмүн «мазактоо, эч кандай далилил жок, акылга сыйбаган айыптоо» деп жазды. Буга чейин уюм мындан үч жыл мурун кармалган 11 адамдын баары сотто акталышын талап кылып жаткан.

Тергөөдө Кылыч Кошмо Штаттарда акыркы 20 жылга жакын убакыттан бери өз эрки менен бозгунда жашап келе жаткан Фетхуллах Гүлен менен байланышта болгону айтылган.

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандын өкмөтү Гүленди 2016-жылкы «аскердик төңкөрүш аракетинин артында турган» деп айыптап келет. Гүлен мындай дооматтарды четке каккан.

Түрк бийлиги анын кыймылын ФЕТӨ деп атап, президент Режеп Тайып Эрдоган башкаларды да «террористтик уюм» деп таанууга чакырган.

Түрк бийлиги мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракет кылган деген айып менен 80 миңдей адамды түрмөгө камаган, 150 миңдей мамлекеттик кызматкерди иштен алган. Ошондой эле 180ге чукул жалпыга маалымдоо каражаттарын жапкан.

Эл аралык коомчулук Анкараны мындай аракеттеринен улам айыптап келет.

XS
SM
MD
LG