Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:30

Кара-Сууда той өткөрүүгө уруксат берген ресторан 15 күнгө жабылды


4-июлда Кара-Суу районуна караштуу Фуркат айылындагы «Баястан» ресторанында өтүп жаткан кыз узатуу тоюу токтотулуп, айып салынды. Бул тууралуу Ош облустук ишки иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев билдирди.

Анын маалыматына ылайык, Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жана райондук санитардык эпидемиологиялык кызматтын өкүлү ресторандын ээсине 13 миң сом айып салып, тойкана 15 күнгө карантинге жабылды.

«Кыз узатуу аземинде 60 адам бар экени аныкталган. Бул ресторанга бир жума мурда 3 миң сом айып салынып, эскертүү берилген. Кыз узатуу тоюн Алай районунун Т. М. аттуу тургуну өткөргөнү аныкталды», - деди Аширбаев.

Тойканага барган «Т-медианын» кабарчысы Ош шаардык кеңешинин депутаттарын да көргөнүн жазган.

Президент Сооронбай Жээнбеков 30-июнда парламентте сөз сүйлөп жатып, пандемияга карабай адамдар эл көп катышкан иш-чараларды, тойлорду өткөрүп жатышканын сындаган.

5-июлга карата СOVID-19 вирусун жугузгандардын жалпы саны 7377 адамды түздү. Ал эми сутка ичинде 88 адам ооруканадан чыгарылды. (DU)

XS
SM
MD
LG