Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:25

Алайда жер титиреди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Сейсмология институтунун маалыматына караганда, 5-июлдун кечинде Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жердин титиреши Алай районунун Бор-Дөбө айылында үч баллга чейин сезилди.

Алайда 2-июлда да жер титиреген, күчү 2,5 баллга жеткен.

Быйыл январь айында Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен аймакта очогунда күчү төрт баллга жеткен жер титирөө Бор-Дөбө айылында үч баллга чейин сезилген болчу.

Такталган маалымат боюнча, эч ким жабыркап, эч нерсе кыйраган жок. (RK)

XS
SM
MD
LG