Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-сентябрь, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 18:39

Экс-президент Роза Отунбаева Назарбаевди 80 жылдыгы менен куттуктады


Нурсултан Назарбаев. Март, 2020-жыл.

Экс-президент Роза Отунбаева Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин 80 жылдык мааракесине байланыштуу 6-июлда куттуктоо катын жиберди.

Анда Назарбаевдин Казакстандын тарыхындагы орду чоң экени белгиленген. Назарбаев республиканы СССР ыдыраганга чейин эле партиялык лидер катары башкарып, кийин президент болуп шайланганы, өлкөдө көптөгөн ийгиликтер болгону айтылган. Ал башкарган жылдары Казакстанда олуттуу реформалар жасалып, ийгиликтер жаралганы жазылган.

Казакстанды дээрлик 30 жыл бою башкарган Назарбаев 6-июлда 80 жашка чыкты. Аны президент Сооронбай Жээнбеков да телефон аркылуу куттуктады.

Назарбаев ушул тушта бийликтеги «Нур Отан» партиясына төрагалык кылат жана өлкөдөгү өтө таасирлүү орган - Коопсуздук кеңешин жетектейт. Ага кол тийбестик макамын берген «эл башы» деген наам ыйгарылган.

Нурсултан Назарбаевдин урматына былтыр өлкөнүн борбор шаарынын аталышы Астана Нур-Султан болуп өзгөргөн. Шаардагы эл аралык аэропортко да анын аты коюлган. Бир катар шаарларда Нурсултан Назарбаев атындагы көчөлөр жана анын эстеликтери бар. Ошондой эле ири суммадагы акчанын банкнотуна сүрөтү түшүрүлгөн. Өткөн аптада Нурсултан Назарбаевдин эстелиги Нур-Султан шаарындагы Улуттук аскердик университетке орнотулган.

XS
SM
MD
LG