Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:41

БШК: Шайлоого катышуу ниетин 42 саясий партия билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда бүгүн, 8-июлда күзүндө өтө турган парламенттик шайлоого катышууну каалаган саясий партиялардан өтүнмө кабыл алуу жараяны аяктады. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Абдыжапар Бекматов "Азаттыкка" билдиргендей, саат 17:00гө карата шайлоого катышуу ниетин 42 саясий партия билдирди.

«Буга чейин БШКнын отурумдарында алардын 21и тиешелүү текшерүүдөн өткөрүлүп, ыйгарым укуктуу өкүлдөрү каттоого алынды, калгандары боюнча атайын жумуш тобунда мамлекеттик органдар менен бирге документтеринин мыйзамдагы талаптарга шайкеш келүүсү текшерилип жатат», - деди ал.

2010-жылы Жогорку Кеңешке шайлоого 28, ал эми 2015-жылы 14 партия катышкан.

Быйыл 30-июнда Кыргызстанда шайлоо босогосу тогуз пайыздан жети пайызга түшүрүлгөн.

3-июлда президент Сооронбай Жээнбеков кезектеги парламенттик шайлоону 4-октябрда өткөрүү тууралуу жарлыкка кол койгон.

Социалдык түйүндөрдө эпидемия учурунда шайлоо өткөрүү туура эмес деген пикирлер айтылып жатат.

БШК шайлоону эпидемияга карабастан өз убагында өткөрүү демократиялык өлкө үчүн маанилүү талап экенин билдирүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG