Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-август, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 23:43

Элчилик: Кыргызстанга Орусиядан 45 ыктыярчы дарыгер баратат


Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловдун дарыгерлер менен жолугушуусу. 10-июль. 2020-жыл. Москва.

Орусияда иштеп жүргөн кыргыз дарыгерлеринин тобу 12-июлда Бишкекке учуп келет. Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов өз ыктыяры менен Бишкекке барууну каалган дарыгерлер менен 10-июлда жолугушкан. Бул тууралуу элчиликтен маалымдашты.

Ыктыярчылардын тизмесине Орусиянын медициналык мекемелеринде иштеген 25 дарыгер жана 20 медайым кирди. Алардын катарында реаниматолог, кардиолог, эпидемиолог, терапевт жана медайымдар бар. Элчиликтин маалыматы боюнча, алардын көпчүлүгү COVID-19 илдетин дарылоо тажрыйбасына ээ. Дарыгерлер медициналык кадр жетишпеген ооруканаларга дайындалат. Дарыгерлер тобуна авиабилеттерди демөөрчүлөр сатып беришти.

5-июлда Кыргызстанга Орусиядан 26 дарыгер жана медайымдар келген. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги ыктыярдуу дарыгерлердин тобуна кошулууну каалагандарды kgembassy.ru@mfa.gov.kg электрондук дарегине кат жазууга чакырат.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19ду 1556 медициналык кызматкер жуктуруп алган. 552 медкызматкер стационардан айыгып чыкты. Буга чейин каза болгон дарыгерлердин расмий саны алтоо экени кабарланган.

Ушул күндөрү Кыргызстандын медицина мекемелеринде адистер тартыш болуп, айрым учурда адам өмүрүн сактоого жетишпей калып жатышат. Бийлик медициналык билими бар бардык жарандарды ишке чакырууда. Бишкекте ондогон ыктыярдуу топтордун катарында пенсияга чыккан медайымдар да бар. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (4)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG