Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:22

Финпол: дарыларды дүңүнөн алып, кайра кымбат баада саткандар кармалды


Финансы полициясы тараткан сүрөт. 2020-жыл. 12-июль.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) дары-дармектерди, медициналык каражаттарды дүңүнөн сатып алып, кайра кымбат баада сатып жаткандар кармалганын маалымдады. Аларда дары сатууга уруксат берген документтери болгон эмес.

Финансы полициясы ыкчам иш-аракеттердин алкагында шаардын бир нече жеринде клексан дарысын 8 миң сомдон 14 миң сомго чейин сатып жаткан фактыларды аныктаган. Алып-сатарлардын иш аракети боюнча сотко чейинки тергөө башталды.

Финполиция дары-дармектерди дүңүнөн сатып алып, кайра кымбат баада сатып жаткандарга чара көрүп жатканын эскертти.

Коронавирус күчөп турган кезде Кыргызстанда дары-дармектин баасы көтөрүлүп, айрымдары табылбай жатат. Көпчүлүк адамдар канды суюлтуучу антикоагулянттарга, антибиотиктерге жана вируска каршы дарыларга муктаж болууда. Мындан улам шаардагы дарыканаларда узун кезек пайда болду. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG