Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-август, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 17:10

"Манас" аэропорту: Аткаминерлерди буюртма учак тейлеген учур болгон эмес


Иллюстрациялык сүрөт.

“Манас” аэропортуна буюртма боюнча келип конгон чартердик санитардык учактардын кызматын чет элдиктер гана пайдаланып жатышат. Бул тууралуу 13-июлда аэропорттун басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, коронавирус пандемиясы башталгандан бери мындай каттамдар аткарылып жатканы чын, бирок чет элдик дипломаттар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү, эл аралык уюмдардын кызматкерлери, чет элдик бизнесмендер гана тейленүүдө:

“Кыргызстандын жарандары мындай каттамдар менен учкан эмес”.

Буга чейин социалдык түйүндөрдө “Манас” аэропортуна чет өлкөлөрдөн жеке учактар келип, алар менен Кыргызстандын жогорку кызматтагы адамдары тейленип жатканы тууралуу маалымат тараган.

Коронавирус өлкөдө жалпысынан 11117 адамдан табылды, алардын ичинен 147 бейтап кайтыш болду, 3460 бейтап айыгып кетти. Пневмонияга чалдыккандардын жалпы саны бүгүнкү күнгө карата канча адам экени айтылган жок, каза болгондордун саны 452 адамга жетти.

Эпидемия башталганда чек аралар жабылып, бардык каттамдар убактылуу токтогон. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (4)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG