Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:02

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирустан сактануу чараларын карманууга чакырууда


Марахо аралындагы балдар. Пара штаты, Бразилия. 13-июнь, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Марахо аралындагы балдар. Пара штаты, Бразилия. 13-июнь, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) коронавирус пандемиясына байланыштуу кырдаал ккүчөп барат жатканын белгилөөдө. Уюмдун башкы директору Тедрос Гебреисус вирус менен күрөшүүдө “көптөгөн өлкөлөр туура эмес жолго түшүп алышканын” айтты.

“Оору жуктургандардын саны ага каршы күрөшүүнүн сунушталган чаралары колдонулбаган же сакталбаган аймактарда өсүп жатат”, - деди Гебреисус.

Учурда Түндүк жана Түштүк Америкада кырдаал оор. АКШда 3,3 млн. адам коронавируска чалдыккан. Акыркы убактарда мамлекет башчысы Дональд Трамп менен медициналык эксперттердин мамилеси чыңалды. АКШдагы Жонс Хопкинс университетинин маалыматына караганда өлкөдө коронавирустан өлгөндөрдүн саны 135 миң адамга жетти.

Гебреисус дүйшөмбүдө Женевадагы брифингде мамлекет башчылардын бири-бирине карама-каршы келген билдирүүлөрү пандемияны көзөмөлгө алуу аракетин жокко чыгарып жатканын айтты. Аралыкты сактоо, колду таза жуу, көпчүлүктө беткап менен жүрүү – олуттуу мамилени талап кыларын белгилеген Гебреисус бул чараларды сактабаган аймактарда “мурдагыдай жашоого жакын арада кайтуу мүмкүн эместигин” эскертти.

14-июлга карата жалпы дүйнө жүзүндө коронавируска чалдыккандардын саны 13,2 миллиондон ашуун адамга жетти. Дээрлик 575 миң киши илдеттен көз жумду. 7,7 млн. адам оорудан сакайып чыкты.

Коронавирус илдети өткөн жылдын аягында Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон. Кыска убакытта бул оору дүйнөнүн 215 өлкөсүнө тарады. Ооругандардын санынын көптүгү жагынан биринчи орунда АКШ, экинчи орунда Бразилия, андан кийин Индия, төртүнчү орунда Орусия турат.

XS
SM
MD
LG