Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-декабрь, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 20:59

Казакстанда коргоо министринин орун басары коронавирустан көз жумду


Казакстандын коргоо министринин орун басары Бакыт Курманбаев.

Казакстандын коргоо министринин орун басары Бакыт Курманбаев 49 жашында каза тапты. Министрликтин сайтында анын эмнеден каза болгону жазылган эмес. Мекеменин өкүлү Асет Есенгулов “Азаттыкка” Курманбаев коронавирустан көз жумганын билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, Курманбаев пандемиянын биринчи күндөрүнөн тарта инфекциянын жайылышына каршы күрөшүү иштерине активдүү катышып келген.

Казакстанда коронавирустун жайылышын ооздуктоо максатында киргизилген карантин 2-августка чейин узартылды. Кошуна мамлекетте бул вируска 62 миңдей адам чалдыгып, 375 киши көз жумду.

Бул статистикага пневмония менен ооругандар кирген эмес. Расмий маалыматка караганда, жыл башынан бери Казакстанда өпкөсү кагынган (пневмония) 99 миңдей адам катталды. Алардын 1800гө жакыны каза тапты.

XS
SM
MD
LG