Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:04

Бүтүндөй коомду келесоо ойлогондор жаңылышат


«#RЕакция» президентке талап коюлду
«#RЕакция» президентке талап коюлду

Ошентип, «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам президенттин кол коюусуна киргизилди. Эми өлкө башчысы мыйзамга бир айдын ичинде кол же вето коюуга укуктуу. Бул чуулгандуу мыйзам долбоору пайда болгондон бери эле ага байланыштуу ызы-чуу токтобой келет.

Бир нече жума коомдун көңүл чордонунан түшпөй кызуу талкууга алынып, акыры пандемияга карабай элди митингге чыгарганга жетишти.

Бүдөмүк максаттары, оркоюп көрүнгөн кемчиликтери, мыйзам талап кылган анализдин жоктугу... Акылга сыйбаган ушундай факторлорго карабай, кнопка баскан көпчүлүк депутаттар тарабынан анын укмуштуудай тездик менен кабыл алынышы суроо жаратпай койгон жок.

Бирок мени таң калтырганы, бир чети чочулатканы, президенттин ээлеген позициясы болду.

Митингдин эртеси Жогорку Кеңешке барып, билмексен-укмаксан болуп, бир ооз сөз айтканга жараган жок. Тескерисинче, парламентти мактап, "маанилүү мыйзамдар кабыл алынды" деп, батасын бергендей таасир калтырды. Эми астына келген мыйзамды бир ай карап, иликтейт имиш.

Май айынан бери кыргыз коомчулугу бул мыйзам долбоорун талкуулай берип эси оогондой деле болду го. Бул тууралуу аппараттын кабары жокпу? Башка дүйнөдө жашайбы? Конституцияда бекитилип, президент тарабынан кепилдикке алынган негизги баалуулуктар боюнча өлкө башчысынын сөзсүз түрдө туруктуу позициясы болушу керек эмеспи?

Ушул сурролорго кечээ жакында колума тийген Юваль Ной Харраринин “XXI кылым үчүн 21 сабак” деген китебин окуп, жеткиликтүү жооп алдым окшойт. Баштаганда эле маселени кабыргасынан коюптур:

“Демократия Авраам Линкольн айткан төмөнкү принципте негизделген: “Айрым адамдарды ар дайым келесоонун ордуна коюшуңуз мүмкүн. Бардык адамдарды белгилүү бир убакытка чейин келесоо көрө аласыз, бирок бардыгын такай эле келесоонун ордуна коё албайсыз”.

Эгер бийлик коррупцияга малынып, элдин жашоо-турмушун жакшырта албай жатса бул жагдайды түшүнгөндөрдүн саны күн өткөн сайын өсүп, критикалык массага жеткенде бийлик алмашат. Бирок бийликтин массалык маалымат каражаттарын көзөмөлдөшү Линкольндун логикасын жокко чыгарат.

Себеби, бул кадам жарандардын айлана-тегерегинде болуп жаткан окуяларды түшүнүүсүнө тоскоолдук жаратат. Медиага монополия кылуу башкаруучу олигархтардын кетирген кемчиликтери жана каталары үчүн башкаларды күнөөлөөгө жана коомдун көңүлүн болор-болбос башка нерселерге бурууга мүмкүнчүлүк берет”.

Юваль Ной Харраринин мисалындай, биздин бийлик коррупцияга малынып, элдин турмушун жакшырта албаганы үчүн сөз эркиндигин кысып, массалык маалыматтарды көзөмөлдөө аракетинде. Эмнеге?

Өлкөдөгү акыркы болуп жаткан кейиштүү окуялар мамлекеттик органдардын элдин көйгөйүн чечүүгө дарамети жетпей тургандыгын дагы бир жолу ачык көрсөттү.

Эгемендүүлүк алгандан бери эл өз алдынча оокат кылып, өз камын көрүп келгени жана бийлик жалгыз гана декорациянын ролун аткарганы ким үчүн жаңылык? Ага да көнүп бүттүк.

Бирок учурдагы апаат, президент айткандай кимдин ким экенин ачык, даана көрсөтүп койду. Бир жакта – чечим сунуштаганга дарамети жетпей, процесстерди башкармак турсун айласын таппай калган бийлик. Экинчи жакта – ыкчам уюшкандуулук менен бири-бирине көмөктөшүп, көйгөй чече баштаган жарандык коом.

Мурун анча-мынча бийликти колдогондор деле абалдын коптуу экенине көздөрү жетти окшойт. Минтип отурсак, мамлекеттүүлүгүбүздөн деле ажырап калышыбыз толук ыктымал деген коркунуч коомчулуктун аң-сезимин аралап өттү. Анан, албетте, өкмөткө нааразычылык көбөйөт. Жаңылануу талабы күч алып, “Кетсин!”, “Алмашсын!..” деген чакырыктарга социалдык тармак толуп кетти.

Бул тенденцияны сезген Ак үй бүт күч-аракетин жумшап, колунан чыгып бараткан бийликти кандай гана жол менен болбосун сактап калуу аракетинде. Ошондон улам өлкө башчысына суроолорду жаадырып, легитимдүүлүгүн солгундаткан күчтөрдү, кол балага айланткан бийлик бутактары аркылуу көзөмөлдөгөнгө өттү.

Буга эң чоң тоскоолдук – өлкөбүздөгү сөз эркиндиги. Анткени жарандар болуп жактан окуяларды ЖМК, Интернет аркылуу аңдап түшүнүп, баа берип турушат. Ал эми бул процесс коом менен коммуникацияны талап кылат. Акыркы учурда жарандар менен коммуникация маселеси президенттин колунан келбегенине жапырт күбө болдук.

Ишенгим келбейт, бирок президент аты аталган мыйзамга кол коет. Балким азыр кол койгондон тартынат, бирок ыңгайы келгенде ыкчам түрдө “коомчулуктун суроо-талабы” менен макулдугун бериши мүмкүн. Кечээ жакында аймактардагы мугалимдердин айтылуу мыйзам долбоорун колдогон жасалма түрдөгү кайрылуусунун даярдык этабында ачыкка чыгып кетиши, тилекке каршы, бийликтин асыл жүзүн дагы бир ирет көрсөтүп койду.

Эгемендүү өлкөбүздүн эли талаалап кеткени аз келгенсип, өлкөдө күч алган эпидемиянын алдын алуудагы өкмөттүн шалаакылыгы, элге дем берүү үчүн бир кайрылууга бир айлап даярдык көргөн президенттин дүйнөкапардыгы, бирок шайлоону өткөрүү үчүн чечимди чагылгандай тез кабыл алгандыгы, анын жараяны менен эл өкүлдөрү эс алууга чыгып, шайлоого даярдык көрө баштагандыгы – бүгүнкү жетекчиликтин эмнеге артыкчылык берерин даана көрсөтүп турат.

Мыйзам долбоорго кол койгонго да дагы мөөнөт бар, күтө туралы, бүтүндөй коомду келесоонун ордуна коюу аракети уланабы же токтойт бекен?..

Руслан Акматбек

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG