Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:37

Чек ара кызматынын курал-жарак башкармалыгынын башчысы пневмониядан каза тапты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик чек ара кызматынын курал-жарак башкармалыгынын башчысы, 44 жаштагы Көкчө Жакыпбеков эки тараптуу пневмониядан каза болду.

Бул маалыматты Чек ара кызматынын маалымат катчысы Сажира Чоколоева “Азаттыкка” ырастады. Анын айтуусунда, маркум саламаттыгы начарлап, аскер госпиталында дарыланып жаткан.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда март айынан бери пневмониядан 497 адам көз жумду. Акыркы суткада 45 адам өпкөсү кагынып, дүйнөдөн кайтты.

Адистер азыр өпкөсүнөн кагынып (пневмония) ооруп жаткандардын баары коронавирус экенин айтууда. Кыргыз бийлиги азырынча пневмония менен коронавирустун статистикасын өз-өзүнчө карап келатат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG