Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:58

Хабаровскиде губернатордун камалышына каршы акциялар уланды


Хабаровскидеги нааразылык акциясына чыккандар. 14-июль, 2020-жыл.
Хабаровскидеги нааразылык акциясына чыккандар. 14-июль, 2020-жыл.

Орусиянын Хабаровск шаарында аймактын губернатору Сергей Фургалдын камалышы боюнча акциялар бешинчи күн уланды. Алар губернатордун бошотулушун талап кылып, «Фургалга эркиндик» жана «Бизге башка губернатордун кереги жок» деген ураандарды чакырып жатышты.

Ар кандай эсептер боюнча акцияларга 500дөн миңге чейин адам катышууда. Демонстранттардын айрымдары “Путин - ууру” деген жазуулары бар кагаздарды көтөрүп алышкан. Оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын штабы аларды чагымчылдар деп эсептерин билдирди.

Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Кремль Хабаровск аймагынын тургундарынын нааразылык акцияларына түшүнүү менен карарын айтты.

Хабаровск шаарындагы акциялар 11-июлдан бери уланууда. Бул Ыраакы Чыгыштагы соңку жылдардагы эң ири демонстрациялар болуп калды. Өткөн ишембиде акцияга 12 миңден 30 миңге чейин адам чыккан.

Сергей Фургал 9-июлда кармалган. Тергөөнүн версиясына караганда, ал 2004-2005 жылдары бир нече ишкердин өлүмүнүн артында турган. Фургал бул айыптарды четке кагууда.

XS
SM
MD
LG