Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:40

Түркия Кыргызстанда коронавируска чалдыккан төрт жаранын алып кетти


Түркиянын тез жардам учагы. Анкара, июль, 2020
Түркиянын тез жардам учагы. Анкара, июль, 2020

Бул тууралуу "Анадолу" агенттиги билдирди. Агенттик Кыргызстанда Ковид-19 вирусун жугузуп алган төрт жаранын Түркия Саламаттыкты сактоо министрлигине таандык тез жардам учагы менен 15-июлда Анкарага алып келгенин жазды. Маалыматка караганда бейтаптардын эң улуусу 57 жашта, ал эми эң кичүүсү 15 жашта. Алар Анкарада тыкыр текшерүүдөн өткөндөн кийин Адана шаарындагы мамлекеттик ооруканага жаткырылган.


Кыргызстандын 15-июлдагы маалыматы боюнча акыркы суткада коронавирус 439 адамга жукканы аныкталды, 11 киши каза болду. Вирусту жугузгандардын жалпы саны - 11 977. Көз жумгандардын жалпы саны - 160. Илдеттен жалпысынан 5314 адам айыкты.
Түркияда COVID-19 илдетине чалдыккандар 14-июлга карата 214 миң адамдан ашты. Каза болгондор - 5402 киши. Ал эми 200 миңге жакын киши сакайып чыккан. (ElB)

XS
SM
MD
LG