Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:15

Томолой жетимдерге банктан эсеп ачылып, акча которула баштайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда өкмөт томолой жетим балдарга банктан эсеп ачып, ай сайын эки миң сомдон которуп турмай болду. Бул тууралуу 15-июлда эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров Өкмөт үйүндө өткөн онлайн брифингде билдирди:

“Атасы да, энеси да белгисиз болгон томолой жетим балдарга буга чейин социалдык жөлөкпул төлөнчү эмес. Эми ай сайын мындай балдарга 2 миң сомдон акча бөлүнүп, банктагы атайын эсебине түшүп турат. Ал акчаны 18 чыкканда пайдалана баштаса болот”.

Өкмөттө интернат жана балдар үйлөрүн реформалоонун 2019-2021-жылдарга эсептелген планы бекитилген.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстандагы 143 интернатта 12 миңге жакын бала тарбияланат, алардын 5% томолой жетим, калганы тирүүлөй жетим (ата-энеси таштап кеткен). ЮНИСЕФтин иликтөөсүнө ылайык, тирүүлөй жетимдердин көбөйүшүнө турмуш-шарттын оордугу себеп болууда. (RK)

XS
SM
MD
LG