Грузияда парламент "Коомдук саламаттык сактоо тууралуу" мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдүн мөөнөтүн ушул жылдын аягына чейин узартты. Ага ылайык, өкмөт пандемия шартында өзгөчө абал жарыялабай туруп, карантиндик чараларды кабыл алып, чектөөлөрдү киргизе алат.
Мыйзамдагы өзгөртүүлөр 22-майда киргизилген жана анын мөөнөтү 15-июлда аяктамак. Документти 79 депутат колдоп, бирөө каршы чыкты.
Парламенттеги Саламаттык сактоо жана социалдык маселелер боюнча комитеттин башчысы Дмитрий Хундадзе коронавирус пандемиясынын экинчи толкунунун кесепети оор болушу мүмкүн экенин айтып, бул документтин зарылдыгын оорунун жайылышынын алдын алуу аракети менен негиздеди.
Оппозициялык азчылыктагы "Бирдиктүү улуттук кыймыл" фракциясынын депутаттары бул жыйынга катышкан жок. Грузин оппозициясы бийликтеги "Грузин кыялы" партиясын "саламаттыкты сактоо тармагындагы маселени саясий максатта колдонуп жатат, октябрь айына белгиленген парламенттик шайлоодо көзөмөлдү күчөткүсү келет" деп айыптап жатат.
Соңку маалымат боюнча, Грузияда коронавирус 1003 адамга жугуп, 15 бейтап ажал тапты.